Коом

ДССУ: Омикрон штаммы дельтага караганда жугуштуу, бирок коркунучтуу эмес

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) омикрон штаммы дельтага караганда анча коркунучтуу эмес, деп билдирет РИА Новости аталган уюмга шилтеме берүү менен.

Уюмдун айтымында, вирустун бул түрү COVID-19га каршы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн, бирок ал дельта штаммы сыяктуу коркунучтуу эмес.

«Бүгүнкү күнгө чейин чектелген маалыматтар бар жана омикрон вакциналарынын натыйжалуулугун тастыктаган далилдер жок. Алдын ала маалыматтар жана омикрон штаммынын олуттуу өзгөргөн антигендик профили инфекцияга каршы вакцинанын эффективдүүлүгүнүн төмөндөшүн көрсөтүп турат ”, — деп айтылат ДСУ билдирүүсүндө.

Уюмдун белгилешинче, алдын ала маалыматтар боюнча, жаңы штамм анча коркунучтуу эмес, анткени аныкталган учурлардын көбү симптомсуз же жеңил жана орточо симптомдор менен болгон.

ДССУ омикрон буга чейин 63 өлкөдө аныкталганын кошумчалады. Уюмдун болжолдоолору боюнча, ал дүйнө жүзү боюнча жайылуу жагынан дельта штаммынан ашып кетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button