Коом

Бишкекте кароосуз калган жана тилемчилик кылган балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү

Кечээ, 22-декабрда Биринчи Май райондук акимчилиги жашы жете элек балдарды ишке тартуунун алдын алуу, кайыр сураган жашы жете электерди аныктоо максатында пландуу рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

 Маалыматка ылайык, иш-чара райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, ички иштер башкармалыгы жана МАБ менен биргеликте өткөрүлдү.

«Борбордук көчөлөрдү, жер астындагы өтмөктөрдү, аянттарды жана сейил бактарды, «Азиз», Сары-Өзөн», «Кудайберген» базарларын кыдырып чыктык. Натыйжада жашы жете элек 5 бала иштеп, үчөө кайыр сурап жүргөнү аныкталды. Ата-энелик милдетти туура аткаруу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 3142 бала каттоодо турат, анын ичинен 336сы оор турмуштук кырдаалда, 78 жөлөк пул категориясында, 25 жетим, 481 жарым жетим, 853 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 1369 аз камсыз болгон балдар.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button