Коом

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев № 21 адистештирилген мектеп — интернатында окуган балдарды куттуктады

Бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн № 21 адистештирилген мектеп — интернатына, ошондой эле «нур+» реабилитациалык борборуна барды.
Салтанаттуу маанайда №21 мектеп — интернатында УКМКнын башчысы К. Ташиев аталган мекеменин жалпы жамаатын жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, баардыгына чың ден соолук каалады.
Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Өз кезегинде, мектеп — интернатын тарбиялануучулары жакшы каалоо — тилектерин айтышып, жаңы жылдык программа көрсөтүштү.
Жолугушуунун аягында, аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.
Андан кийин КР УКМК төрагасы «нур+» реабилитациалык борборуна барып, жалпы жамаатты жана балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшырды.
№21-мектеп-интернатынын жана “Нур+” реабилитациялык борбордун жетекчилиги колдоо көрсөткөндү жана белектери үчүн К.Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button