Коом

Кыргыз өкмөтү Казакстанга ЖККУ алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди

 Казакстандагы кырдаалдан улам министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жыйындын жүрүшүндө коңшу мамлекеттеги коомдук-саясий кырдаал талкууланып, Жапаров кыргыз-казак чек арасындагы абал, Кыргызстандын аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу боюнча маалымат алды.

«Финансы-экономикалык жаатындагы министрлерге банк системасы, азык-түлүк жана отун коопсуздугун үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу тапшырмалары берилди. Акылбек Жапаров ЖККУ менен өлкө башчынын чечимине ылайык Кыргызстан казак элине ЖККУнун алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Казакстандагы кырдаал боюнча чукул жыйын өтөрү айтылып, анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндамачы болору кошумчаланды. Мындан сырткары, Ташиев Казакстандагы окуялардын жүрүшүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүн штабын башкарары белгиленди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button