Коом

Азамат Жамангулов хокккейчилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүлөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде хокккейчилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 20 жашка

чейинкилер (U-20) арасында өткөн Евразия кубогунда биринчи орунду ээледи. Мелдештер 7-9-январь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Түркия, Болгария жана Босния-Герцоговиниянын курама коммандалары катышты.

Бардык командалар бири-бири менен беттешип, Кыргызстан курама командасы бардык үч оюнда жеңүүчү болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button