Коом

Элчилик: Сабалган жаранга компенсация төлөп беришин талап кылабыз

Бүгүн, 20-январда  Алматыда кармалып сабалган Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды. Бул окуя боюнча «Kadam-media.kg»  маалымат порталы, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине кайрылып, кандай иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат алдык.

Элчиликтен сабалган жаранга компенсация беришин талап кыларын билдиришти.

«Нота бердик Казакстан ТИМне жараныбыз тууралу маалыматтарды аты жөнү менен жана кайсы убакыттан баштап дайынсыз болгонун. Диаспораларга маалымат тараттык алар аркылуу Казахстанда жашаган жарандарыбыз бир бирине чыгып сураштырып издегенге. Жараныбыз табылганда Башкы консулдука заявление алып кандай зомбулукка дуушар болгонуна кагаз жүзүндө бекитүүсү айтылды. Башкыконсулдук жагынан  жакындары менен байланышып андан ары Бишкеке алып кетүү боюнча иш алып баруусу айтылды. Диаспора жактан материалдык жардам катары акча каражаты инициативалык түрдө  чогултула баштады. Жараныбыздын укугун коргоо боюнча КР ТИМне нота тапшырылат. Тартиптүү ички жана эл аралык мыйзамдардын жана келишимдердин негизинде адилеттүү тергөө иштерин жүргүзүп зомбулук кылган органдардын кызматкерлерине чара көрүү боюнча жана жараныбызга компенсация беришин талап кылабыз», — деди элчиликтен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button