Коом

Борбор Азияда электр жарыгынын өчүшүнө Казакстан менен Өзбекстан бири-бирин айыптады

Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын айрым аймактарында электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы Казакстандын электр тармактарындагы ири аварияга байланыштуу экенин Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

«Казакстандын электр тармагындагы ири авариянын кесепетинен Алматы, Чимкент, Түркстан облустарын жана ага чектеш аймактарды электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады», — деп айтылат маалыматта.

Бул Казакстандан келген  электр чубалгысында чыңалуу кескин өзгөрүп, Ташкент жана Сырдарыя ТЭЦинде авариялык коргонуу каражаттары иштеп, улам өчүрүлгөн.

Ал эми Казакстан тескерисинче электр жарыгынын өчүшүнө Өзбекстан менен Кыргызстандагы энергетиктерди айыптап жатат.

«Борбор Азия бириккен электршакекчесинде болгон авариядан улам «Түндүк—Чыгыш—Түштүк Казакстан» электр зымдарына күч келген», — деп айтылат Казакстандын электр тармактарын башкарган компаниянын (KEGOC) маалыматында.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги кырсык коңшу өлкөлөрдө болгонун билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 25-январь күнү эртең менен электр жарыгы бир эле учурда үч өлкөдө – Казакстан, Кыргызстан  жана Өзбекстанга  таасирин тийгизди. Бул үч мамлекетти союз мезгилинен бери бирдиктүү энергетикалык система бириктирип турат. Бирдиктүү электршакекчесинде Түркмөнстан менен Тажикстан дагы бар болчу. Бирок ал өлкөлөр (Түркмөнстан 2003-жылы, Тажикстан 2009-жылы) бирдиктүү энергосистемадан чыгышкан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button