Коом

Чек ара аймактарында жашаган элдер коопсуз аймакка эвакуацияланууда

 Саат 20:49 КР УКМК ЧК 2001 аскер бөлүгүнөн берген маалыматына ылайык, Көк-Таш айлындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатканын ошондой эле, Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде ТР чек арачылары тарабынан миномет жана гранатомет колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген.

Саат 21:50 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын Ляккон айылынын чек ара постунда тажик аскерлери   3 БМП, 1 БТР 5 миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярданып жаткандыгын билдирген.

Баткен району Ак-Татыр а/а Орто –Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай а/а Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарында жергиликтүү тургундарды жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуациялоо жүргүзүлүүдө.

Лейлек району Кулунду а/а Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалды.

Ошол эле Ак-Сай,  Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн кооптуу чек ара аймактарында жашаган элдер коопсуз аймакка эвакуацияланууда. Ал эми, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан эвакуацияланып келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А.Имаров орто мектебине жайгаштырылды.

Коомдук саясий абалдын өзгөрүүсү боюнча кошумча маалымдайбыз.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button