Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Чолпон» кинотеатрынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда учурда театрдын имараты авариялык абалда экени, театрындын жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип, учурда 1 га 46 сот жерден 46 сот. гана жер калганы, жылуулук системасыныны жоктугунан кинотетар кышында кино көрүүчүлөрдү тейлей албагандыгы белгилүү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр кинотеатрдын жетекчилигине тиешелүү жер тилкелерин мамлекеттик мүлккө толук кайтарып алуу боюнча кескин чараларды ишке ашыруу, кинотеатрдын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча зарыл болгон аракеттерди көрүү, ошондой эле, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Чолпон» кинотеатры 1970-жылы салынган. Кинотеатрдын жалпы аянты азыркы учурда 46 сот жерди ээлеп, 600 орундуу. Кино залы, сахна, фойе жана азыркы убакта колдонулбай калган кино бөлмөлөрү бар.