Саясат

Депутат Токторбаев: «Ворухка альтернативалык жол берсек утулабыз. Себеби…»

Депутат Жеңишбек Токторбаев Ворухка альтернативалык жол салып берүүгө каршы экенин жана анын себептерин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Ворухка альтернативалык жол салып берүүдө биз утпайбыз, тилекке каршы уткурабыз.

«Баткен облусундагы акыркы болуп жаткан окуялардан улам жергиликтүү тургандары менен кененирээк жолугуп сүйлөшүүгө мүнкүнчүлүк болуп, көптөгөн талаптарын алдык. Талаптарынын сап башында турган №39  Протоколдун негизинде Ворухка жол бербөө керек экендигин баса белгилеп кайрылышкан.

Мен дагы эл өкүлү катары жеке пикиримди билдирип коюну чечтим. Ворухка альтернативалык жол салып берүүгө каршымын! Анткени биз аны менен утпайбыз, тилекке каршы уткурабыз!

Эмне себептен:

  1. Биринчи себеби: Таджикстан Республикасынын негизги максаты Ворухка жол салуу менен Баткен районунун 3 айыл өкмөтүн жана 150 миңден ашык калкы бар Лейлек районуну (Исхак Раззаков (Исфана), Сүлүктү шаарын) толук бойдон анклавка алып, Козу-Баглан, Аксуу дарыяларына ээлик кылуу. Андан сырткары Ворух Исфара шаардарын көз карандысыз жол менен бириктирүү болуп саналат. Так ошол себептерден улам бул протоколду ишке ашыруу мүмкүн эмес!
  2. Эгерде биз 39-протоколду ишке ашырсак, мейли ал жолду биз салсак да, биздин баланста болсо дагы бул көйгөйдөн арылып кыргыз-тажик чек арасы чечилип калбайт. Анткени алар көз карандысыз жолго ээ болуу үчүн мындан ары да провакациялык жумуштарын жасай берет.
  3. №39 протоколдо көптөн бери чыр болуп келе жаткан 275 метр маселесине чекит койбойт жана жол берсек дагы чечилбейт. Алардын бизге каршы так ушул 275 метр рычагды жолду жабуу аркылуу колдонуп жатат. Себеби, анын айланасында Таджик Республикасынын мыйзамсыз түшкөн үйлөрү, Хажои Ало жана башка ушул сыяктуу айылдары бар.
  4. №39 протоколдо 1924-1927 жана 1989-жылкы карталарды кээ бирки пункттар үчүн колдонобуз, башка пункттар үчүн колдонбойбуз деген бул өтө чоң жаңылыштык. Себеби, 1924-27 жылы Тажик СССРи же Таджикистан Республикасы деген өз алдынча мамлекет болгон эмес. Эгер ал карталарга таяна турган болсок, анда Мургаб району толук биздин карамака өтүүсү керек.
  5. Ушул убакка чейинки эки элдин ортосунда болгон протоколдордун жана келишимдердин канчасын Тажикстандын бийлиги аткарды?! Тилекке каршы биз түзүлгөн протоколдорду аткарып келгенибиз менен алар аткарбай келет!

Жогорудагы келтирилген коркунучтар чындыгында бар экени ачык айкын көрүнүп турат. Так ошол себептен №39 протокол Кыргызстан үчүн кооптуу экендигин жана өтө көп жагдайлар белгисиз экендигин баса белгилегим келет», — деп жазат эл өкүлү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button