Азыркы учурда » Билерик» деген долбоор коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Аталган долбоор кандайча жаралган, кандай маселелерди камтыйт, автору ким деген суроолор менен «Kadam-media.kg» маалымат порталы, кыргыздын дагы бир патриот айымы Айжанат Абдыразакова менен маектештик…

— Саламатсызбы, Айжанат айым?

Алгачкы суроо бул проекттин автору сизби?

— Саламатчылык,кандайсыздар?

Билерик долбоордун эң алгачкы максаты- зордук- зомбулукка каршы күрөшүү болуп саналат. Бул долбоор, дөңгөлөк кийгизилип сабалган эжекенин окуясынан кийин жазылган. Негизи ага чейин эле бул тармакта иш жүргүзүп келчүмүн. БУУ нун бекитип берген укуктары бар эмеспи, мисалы; төрөлүү укугу,жарандык укук жана эч кимдин кысымы жок эркин жашоого болгон укук. Мына ушулардын негизинде, аялдардын укугун коргоого багытталган долбоор экенин айта кетмекчимин.

— Эмне үчүн «Билерик» деп аталган? Кененирээк маалымат берип өтсөңүз?

— Албетте, «Билерик» деп жөн жерден атап алган жокпуз. Ал үчүн биз эски тарыхка кайрылып барып, Орхон-Энесай жазуучулардын жардамы менен «билим жана эрк» — деген эки сөздүн маанисине көңүл бурдук. Анткени, биздин аялзатка билим жана эрк жетишсиз экени баарыбызга маалым. Билими болуп туруп эрки жетпеген айымдарды да көрүп жатабыз. Ошондуктан, кыргыз айымы эрктүү, билимдүү, күчтүү болуусу биздин максат!

Азыркы учурда көптөгөн айымдар колдоо көрсөтүп, биздин билериктерди колдонууга өтүштү. Бул билерик, электрондук болуп саналат, 500м радиуста сигнал берилип, күч колдонулуп жатканда дароо белги бере турган касиетке ээ. Бул долбоор аркылуу көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүн, бирок, биздин коом жана экономикабыз даяр болгуча бир аз убакыт жана эрк  керек  экен.

— Эмнеге өкүнөсүз, эмнеге кубанасыз?

— Мен бардык окуядан тажрыйба топтогонду үйрөнө алдым. Өкүнбөйм, бирок, кейийм… Эмнеге..? Толук кандуу билим албагандыктан, ар кайсы тармак коррупцияга чыланып жатканы кейиштүү. Маданиятыбыз, тарыхыбыз,үрп- адаттарыбыз аксап жатканы өкүндүрөт. Батыштан эмес, өзүбүздөн алчу көп жакшы нерселер бар. Ошондуктан, жолду туура тандайлы! Ар бир кыргыз кичинекей ийгиликке жетсе- ушул менин кубанычым!

— Туура жолду табуу үчүн эмне кылыш керек?

— Адам баласы изденгенде гана ийгиликке жетет. Иштебеген адам- тиштебейт, дегеле аракет кылбаган адам- токтоп калган сааттан айырмасы калбайт. Кичинекей кадамдар улуу бийиктиктерге жеткирет эмеспи. Кандай жумуш болсо дагы, маңдай тери менен тапканы таттуу болот.

— Аял бакытты кайдан табат?

— Аял бакытты албетте өзүнүн түптөп алган очогунан табат. Анткени, аялзаты үчүн энергия берген жай- үй бүлө. Жакындардын  жыргалы, кубанычы, мекендин эртеңи бар экенин билүү өзү чоң бакыт го….

— Азыркы Айжанат болуу үчүн, кандай жолдорду басып келдиңиз?

— Балалыктан тапкан кежирдигим азыркы Айжанатты жаратты деп ойлойм. Анткени, көк жалдыкты туура багытка колдонсо сонун жардамчы экен. Албетте кичинекей Айжанат убагында тентек болчу, бирок ал нерсени кийин билимге алмаштырдым. Ошол билимим аркылуу көп өлкөнү көрдүм.  Бала кездеги кыялым ишке ашып, азыркы учурда коомчулукка жеңилдетилген шарттар менен турак жай куруп берип жатабыз.

Ал эми, буга чейин медиа тармагында эмгектенип жүрдүм, ал жактан топтогон тажрыйбаларым дагы мени- мен болгонго жардам берди десем болот.

— Кечөөкү кыялдар- бүгүн максат,эртең реалдуулук болушу үчүн тынбаган эмгекти талап кылат тура, ошондуктан, отурбайлы изденели, билим алалы жана эркибизди чыңдайлы демекчимин!

— Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ишиңиз дагы да илгерилей берсин, алдыга койгон ой- максаттарыңыз оңунан чыксын жана сиз сыяктуу мекенин сүйгөн кыргыздар көп болсун!

 

Маектешкен: Асель Дүйшеева