Кыргыз Республикасынын министерлер кабинетинин буйругуна ылайык, Алмазбек Истамбаев А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка маданият министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.

Азамат Жаманкулов тааныштыруу учурунда жаңы дайындалган жетекчинин алдына бир катар талаптар коюлгандыгын белгилеп, анын ичинде жаңы спекталдери алып чыгуу, театрдагы менеджерлик ишти алдыга жылдыруу жана эмгек жамаатта туруктуу чыгарамачыл атмосфераны тузүү тапшырмасы коюлуп жатканын белгиледи.

Алмазбек Истамбаев 1971 — жылы төрөлгөн. 1997- жылы Жалал- Абад Мамлекеттик университетин аяктап, инжнер — техник адистигин, 2005- -жылы К. Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясын жана 2019- жылы И. Арабаев атындыгы Кыргыз Мамлекеттик уинверситетинин Экономика жана менеджмент институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1993- 1998- жылга чейин Майлуу – Суу ЭЛЗ – вокалдык интсрументалдык коллективдин көркөм жетекчиси катары иштеп баштаган.

2000- 2019- жылга чейин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында опера алдынкы солисти;

2017-2020- жылдар аралыгында А. Жумахматов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестиринин директору, 2020-жылдан “Евразия ааламы – XXI кылым” мамлекеттер аралык форумунун Көркөм жетекчиси, «Кыргыз Конгресси» Бүткүл россиялык коомдук уюмунун Маданият жана искусство комитетинин төрагасы, Эл аралык «Генезис» симфониялык поэмасы долбоорунун («Дүйнөнүн жаралышы») Кыргызстандагы менеджери жана 2021- жылдан эл аралык кайрымдуулук долбоорунун координатору болуп иштеп келген.