Саясат

Назарбаевдин бир тууган иниси «Қазақстан халқына» фондуна 2,3 млн доллар которду

Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев негиздеген «Салиқалы Ұрпақ» кайрымдуулук фонду «Қазақстан халқына»  фондуна 1 миллиард теңге (2 миллион 343 миң 495 доллар) которду.

Кайрымдуулуктун суммасы «Салиқалы Ұрпақ»  сайтында маалымдалды.

«Салиқалы Ұрпақ» фондунун жамаатынын жана жетекчилигинин атынан каргашалуу январь окуясында курман болгондорго терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Өлкө үчүн оор учурда биз мамлекет башчынын айланасына биригип, казак элине жардам беришибиз керек», — деп айтылат фонддун директору Касым Касабековдун сөзүндө.

Уюмдун сайтында белгиленгендей, «Салиқалы Ұрпақ» фонду 2016-жылы ишин баштаган. Беш жылдын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, калктын аярлуу катмарын колдоо тармагында 1 миллиард теңгеден ашык кайрымдуулук долбоорлору ишке ашырылды.

Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, Болат Назарбаев BN Invest холдингинин жетекчиси.

«Қазақстан халқына» фонду

«Қазақстан халқына» фонду 2022-жылдын январь айынын башында болгон кайгылуу окуялардан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Фонддун негизги максаты саламаттыкты сактоо, социалдык тармак, билим берүү, маданият жана спорт тармагына кайрымдуулук жардам көрсөтүү болуп саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button