Коом

Улан Ниязбеков жана Катардын Кыргызстандагы Элчиси Абдулла бин Ахмед аль-Сулайти кызматташуу маселелерин талкуулашты

2022-жылдын 10-февралында ИИМдин имаратында ички иштер министри Улан Ниязбеков Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы Элчиси Абдулла бин Ахмед аль-Сулайти менен жолугушуусу болуп өттү.

Улан Ниязбеков, дүйнөдө инновациялык технологиянын өнүгүүсү адамзатка оң таасирин тийгизүү менен бирге эле тилеке каршы, кылмыш дүйнөсүндө да алдынкы технологияларды колдонуусу өсүүдө. “Ошондуктан, биз да өнүккөн мамлекеттердин укук коргоо органдарынын кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүүдөгү, өзгөчө интернет мейкиндигиндеги кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында, аны менен бирге заманбап техниканы алуу менен бирге колдонууда тажрыйба алмашуулардын үстүнөн иш жүргүзүүгө өзгөчө маани берүүдөбүз. Катар мамлекетинин полициясы бул багытта чоң ийгиликтерге жетишкендиктен, биздин министрлик алардын алдынкы тажрыйбаларын окуп-үйрөнүү үчүн өнөктөштүк мамиле түзүү өтө маанилүү экендигин билдирип кетээр элем” – деп баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, Кыргызстандын аймагындагы Катар Мамлекетинин жарандарынын жана ишкердик мекемелеринин коопсуздукту камсыздоо маселеси талкууланды.

ИИМдин жетекчиси мындан ары да кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирип, дайыма ачык жана түз байланыш түзүүгө даярдыгын ишендирди.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button