Кылмыш-кырсык

Талас РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери фасоль уурдаган жарандарды кармашты

Үстүбүздөгү жылдын 7-январь күнү Талас РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу айылынан 1988 жылы туулган жараны  С. Б. арыз менен кайрылгын. Анда 2022-жылдын 6-январь күнү караган учурда үйдүн астындагы гараждын ичиндеги 12 (он эки) кап төө буурчагын (фасоль) белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда белгисиз адамдар түнкү убакта сарайдын кулпун сындырып, фасолдорду уурдап кетишкендиги аныкталган. Аталган факты Талас РИИБнин кылмыштарды каттоо бирдиктүү реестрине катталып, КРнын КЖКнин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде уурулук кылмышына шектүүлөр кармалган. Кармалган шектүүлөрдүн бирөөсү 2001-ж.т. Ж.Б. жабырлануучу тараптын жакын тууганы (жээни) экендиги такталган.

Алар 12 кап фасолду үйдүн арткы эшигинен кирип, уурдап чыккандан кийин “Опель” үлгүсүндөгү авто унаага жүктөп, Талас шаарынын фасоль кабыл алуучу жайга сатышкандыгы аныкталган. Шектүүлөрдүн экинчиси 18 жаштагы С.И. жана үчүнчүсү А.Б. 19 жаштагы достор болгон. Кармалгандар тергөө бөлүмүнө тапшырылып, келтирилген материалдык чыгымды төлөп беришти.

Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button