Коом

Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен нан калдыктары үчүн урналар коюлду

Борбор калаада нан калдыктары  үчүн атайын урналар пайда болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоор жаш активисттер тарабынан демилгеленип, борбор калаанын тургундарына таштандыларды сорттоо ыкмасын жайылтууга салым кошууну чечишти. Мындай ыкма таштанды челектеринин жанында кароосуз калган жаныбарлардын санын азайтууга жардам берет.

«Активисттер мөөнөтү өтүп кеткен нан азыктарын чогултууну колго алып, муну менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетип жатышат. Жыл ичинде мындай 1500 урнаны орнотуу пландалууда», — деп йтылат билдирүүдө.

Борбор калаанын муниципалитети активисттерге демилгелери жана шаардын тазалыгына кам көрүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, борбор калаанын тургундарынан урналарды өз максатына – нанды ошол жерге калтырууну суранат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button