Саясат

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин үчүнчү тарапсыз чечүүнү макулдашты

2022-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын ачылышында президент Садыр Жапаров тажик лидери Эмомали Рахмон менен сүйлөштү. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчылары чек ара маселесин үчүнчү тараптын кийлигишүүсүз чечүүнү макулдашты.

«Эки коңшу тил табышса чек ара маселеси чечилет. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки тараптын Тышкы иштер министрликтерине сүйлөшүүлөрдү баштоо тапшырмасын берген. Бир аптадан бери эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Буга чейин комиссия ишин токтоткон. Бирок бир жумадан бери катуу иштеп жатат. Тараптар бул маселени үчүнчү тарапсыз эле жөнгө сала алабыз деп чечишти”, — дейт Акылбек Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button