Спорт

Аялдар арасындагы волейбол турниринде Лейлек районунун намысын кимдер коргойт? Тизме

Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында  Бишкек шаарында 35 жаштан жогорку айымдардын командасынан тузүлгөн волейбол боюнча  турнири өтөт. Аталган спорттун түрүн тандап, жаш курагынын жогорулап баратканына карабай активдүү жашоо образын түзгөн айымдар менен маек курдук.

Мындай активдүү айымдар ойногон волейбол командасы алты жылдан бери “Энелер” лигасыда, эки жылдан бери “Дилгир” лигасында ойноп келе жатышат.

Бул команданын капитаны Чолпон Жороева жашы жогорулап бара жаткан айымдар үчүн спорттун  бул түрү өтө пайдалуу экенин айтты:

-Волейбол оюнун 5-6 жылдан бери ойноп,  облустар арасында волейбол боюнча  шерине-топ өткөрүп келе жатабыз.

Командада  алты айым ойнойбуз. Негизи  жалпысынан  он чакты айым ойнойт. Алардын жаш курактары ар түрдүү. Биздин командада 35 жаштан 65 жашка чейинкилер катышып, машыгуудан өтүп турушат.

Демилге Кара-Суу районундагы активдүү айым  Каныкей Камбаровага таандык. Бул негизинен райондор арасындагы айымдардын ынтымагы. Мындай айымдардын активдүүлүгүн көтөрүп, спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында бир топ жылдан бери спорттун ушул түрүн тандап алдык.

Жалпысынан бир жумада үч жолу чогулуп, атайын спорт залга барып машыгып турабыз.  Эртеден кечке иш менен  көп кыймылдабай отурган адамдардын ден соолугу үчун абдан пайдалуу. Айрым айымдар арыктайбыз деп  да кошулат. Бул эми айымдардын ден-соолугу үчүн жакшы да. Машыгуудан келгенде кадимкидей дене боюбуз сергек, шамдагай болуп калат. Спорт бул ден соолуктун булагы десек болот. Андыктан, 35 жаштан баштап айымдар дайыма кыймылда болгусу келип, ден соолугун чыңдоо жолуна түшсө сөзсүз спорт менен машыгуусу керек. Бизге келген айымдар кадимкидей жеңил, баскан турганы тың болуп калганын, ден соолугу мыкты, сергек болуп калганын айтышат.  Ошондуктан айымдарды  спорттун эң пайдалуу түрү волейболго катышып, ден соолугуңарды чыңдагыла деп айтам. Биз артыбыздагы муунга үлгү болушубуз керек, – деди Чолпон айым.

Ал эми ушул эле команданын дагы бир катышуучусу 50 жаштагы Гүлханай Абдымомунова волейбол менен ойногондон баштап, жашоо образы, ден соолугу оң жагына өзгөрдү дейт:

-Спорттун бул түрүн кантип тандап калдым, “Сапатта”  балдарым окуп жүргөндө, ал жакта апалар арасында турнир өтүп турчу. Волейбол чындыгында айымдарга абдан пайдалуу, ден соолукту чыңдоого чоң жардамын берет.  Чындыгында бул спортко киргенче ар бир аял үй түйшүгүнөн чыга албай, өзүнө убакыт бөлө албай келет. Айрымдар толуп да кетишет. Чынын айтсам бул оюнга киргенден кийин  мен жеке өзүм 15 кг салмактан өйдө таштадым. Бул оюн менен ден-соолукту чыңдадык. Бизди көрүп балдарыбыз түздөлөт,  бул биздин жашообуздун экинчи бөлүгү болуп калды.

Ал эми спорт менен машыгып жатканыбызды үй-бүлөбүз жакшы кабыл алып, дайыма колдоп келет. Машыгуу боло турган күнү жумуштарыбызды эрте бүткөрүп, кечке жетишип  залга барып калабыз.

Көпчүлүк иштеген айымдар жумуштан кийин келишет. Бизде ар кайсы тармакта, анын ичинен мамлекеттик кызматта  иштеген дарыгерлер,  депутаттын аялдары, жактоочулар бүт кесиптин ээлери бар. Оюндар кечинде саат 6 дан кийин болгондуктан, жумуштан кийин келип, машыгууга да жетишет.

Мындай командалык оюнда чогуу машыгып, чогуу ойногондуктан өтө ынтымактуу, бир туугандай болуп калдык.

Эми жакында, кезектеги турнирду өткөрүүгө даярданып жаткан кезибиз. 19-февралда Лейлек районунун кыздары  уюштурган дагы бир волейбол боюнча турнири – шерине-топ оюн  өткөрөбуз. Бул турнирде алты  команда ойнойт.

Ар бир спортко демөөрчүлөр керек болот эмеспи.  Бизди колдогон демөөрчүлөрүбуз жолдошторубуз, андан башка кыргыздын да эр азаматтары бар, алар бизге  форма сатып беришет, Лейлек районунун ишкерлери  да жардам беришти.

Бизде негизи Республика боюнча лигалар бар. Алар “Энелер” лигасы, “Апалар” лигасы. Булардын бардыгы республикалык федерацияга карайт. Нарында, Ошто, Таласта да биз сыяктуу айымдар активдүү ойношот. Ысык-Көлдө жыл сайын баардык облустардан чогулган спортту сүйгөн айымдар күч сынашабыз.

Негизи баардык командада көп нерсе капитандын  активдүүлүгүнө жана калыстыгына көз каранды. Бизди ушинтип ынтымактуу, биримдикте  кармаган капитаныбыз Чолпон Жороева ыраазычылык билдиребиз.

Айымдарга айтарыбыз, дени сак айым дени сак үй-бүлө. Айымдар спорт менен машыгып, волейбол ойногула, ден-соолукту чыңдагыла,  биздин катарга кошулгула. Спорттун көп жакшы жактары бар. 35 жаштан өйдө келе турчу оорулардын баарына пайдасы бар. Отуруп туруп, секирип, колду көтөрүп, активдүү жашоо образын түзгүлө демекчимин. Ошондуктан биз бүт эле айымдарды арабызга чакырабыз, – дейт Гүлханай айым.

2021-жылы түштүк  аймагынан  «Ош ынтымагы» шеринеси башталган. Биз буга чейин Баткен областынын намысын коргоп «Баткен» командасында ойноп келишкен. Бул турнирде Лейлек районунун намысын коргоп чыгышкан.

Мындай спорттук турнир-шеринеге Лейлек, Кадамжай, Ноокат ( 3 команда), Кара-Кулжа, Кара-Суу, Алай, Жалалабад, Аксы, Токтотул командалары ат салышат.

Ал эми команданын курамы:

Жороева Чолпон( капитан) -Тайлан айылы

Боронбаева Гулмира – Көк-Таш айылы

Абдумуминова Гулханай – Чимген айылы

Жороева Жылдыз – Тайлан айылы

Жалилова Рахат – Арка-2 айылы

Абдрахманова Гулпери – Достук айылы

Алдабердиева Айсалкын – Голбо айылы

Ражапова Нуркан – Исфана шаары

Анаркулова Замира – Раззаков айылы

Полотова Диларам – Катран айылы

Учурда ушул курам менен ойноп жатышат. Каалоочуларды болсо командага келип, кошулса болот дейт  спорт сүйүүчү айымдар.

19-февралда өтө турган оюнга келип, айымдарды колдоп, дем күч берип туруңуздар жана ишкер ага-инилерибизден демөөрчүлүк күтөбүз дейт команданын айымдары.

Андан тышкары чогуу ойноп, машыгууга атайын дасыккан тренерге муктажбыз,  спортту сүйгөн патриот эр азаматтарыбыз үн катат деген ойдобуз дейт бир ооздон «Лейлек» волейбол ойноочу айымдар командасынын айымдары.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button