Коом

Кадыржан Батыровго таандык 37 млн сомдук имарат мамлекетке өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы наркы 37 миллион 480 сомду түзгөн Кадыржан Батыровдун спорт сарайын 15 сотых жер тилкеси менен мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейинки текшерүүдө Сузак райондук сотунун 2013-жылдагы чечими менен 36 сотых жерде жайгашкан А. Батыров атындагы Эл достугу университетинин имараты мамлекетке алынган. Бирок университеттин жанындагы «Дустлик» спорт залы конфискацияланган мүлктөрдүн тизмесине кирбей калган.

Аталган спорт сарайды мамлекетке кайтаруу максатында Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы тарабынан доо арыз берилген. Жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Кадыржан Батыров 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абадда туулган. Кыргызстандагы өзбек коомунун лидери болгон. Ага «2010-жылдын июнь айында болгон кыргыз-өзбек чатагын уюштурду» деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Андан соң чет өлкөгө качып кеткен. 2018-жылы «Украинанын Одесса шаарында каза болду» деген маалымат тараган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button