Коом

Байсалов: Баткен жана Раззаков шаарларына учак күн сайын каттагандай болушу керек

Баткенде бүгүн, 22-февралда Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында Баткен облусундагы аэропортторго байланыштуу маселе көтөрүлдү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен жана Раззаков (мурдагы Исфана) шаарларындагы аба майдандардагы каттамдардын санын көбөйтүү, учак күн сайын каттагандай болушу керектигин билдирди.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров азыр учактар түнкүсүн коно албай турганын айтып, бул абалды оңдоону тапшырды.

Жыйында Баткен шаарындагы аба майдандын учуп-конуу тилкесин узартуу үчүн президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнө дагы беш гектар жер бөлүп берүү тууралуу кайрылуу болгону, бирок жер берилбеси тууралуу жооп алынганы айтылды.

«Учурда аэропторттун учуп-конуу тилкесинин узундугу 1800 метр, эл аралык стандарттарга жооп бериши үчүн узундугу 2000 метр болушу керек. Түштүк тараптагы башынан дагы 400 метрдей жер керек»,- деди «Манас» эл аралык аба майданынын жетекчиси Бакыт Шаршеев.

Акылбек Жапаров бул маселени чечүүгө бир ай мөөнөт берди.

Министрлер кабинетинин көчмө жыйында негизинен “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы талкууланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button