Коом

БУУнун башкатчысы Путинди Украинага чабуулду токтотууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Антонио Гуттериш Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, Украинага аскердик кол салууну токтотууга чакырды.

Анын видеокайрылуусу «Твиттердеги» баракчасына жарыяланды.

«Мен чын жүрөктөн айта турган бир гана нерсем бар: президент Путин, аскерлериңиздин Украинага чабуулун токтотуңуз. Тынчтыкка мүмкүнчүлүк бер. Өтө көп адам өлдү», — деп жазды ал кайрылуунун башына.

Орусия президенти Владимир Путин 24-февралда Донбасс аймагына атайын аскердик операция жүргүзүү чечимин кабыл алганын айтты.

Жалпыга маалымдоо каражаттары Краматорск, Харьков жана Киев жана башка бир канча аймакта жардыруулар болгону тууралуу жазып жатышат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button