Саясат

Акылбек Жапаров Казакстандын Президенти менен жолугушууга катышты

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын катышуучулары – өкмөт башчылар менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга үстүбүздөгү жылы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жыйындын катышуучулары евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү, талаш маселелерди четтетүү, кооперацияны күчтөндүрүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн пандемиядан кийинки мезгилдеги экономикасын калыбына келтирүү зарылдыгы маселесин кеңири талкуулады.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына үстүбүздөгү жылы Биримдик органдарында ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.

Белгилесек, быйыл Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button