Саясат

Марс Сариев: “Кыргыз Республикасынын БУУда добуш берүүдөгү бейтарап позициясы эң туура”

БУУнун Башкы ассамблеясынын Орусиянын Украинадагы аракеттерин айыптаган резолюциясы боюнча добуш берүү учурунда Кыргызстан “калыс” позициясын карманды. Бул эң туура позиция, деп эсептейт саясат таануучу Марс Сариев.

Эксперт Кыргызстан эми Орусия менен Украинаны маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышы керектигин белгиледи. «Согуш токтошу керек», — деди ал.

Бирок ошол эле учурда Сариев белгилегендей, Кыргызстан орусиялык аскерлердин Украинадан токтоосуз чыгарылышына макулдук бере албайт. Анткени Кыргызстан Россиянын ЖККУ, ЕАЭБ боюнча союздашы жана мындай кырдаалда өлкөнүн абалы Кыргыз Республикасынын экономикалык абалына чоң таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени биздин бир миллиондон ашык жарандарыбыз эмгек миграциясында жана болжол менен алардан республикага жыл сайын 2 миллиард доллар келип жатат.

«Учурдагы курч кырдаалда Орусия муну достукка жатпаган иш катары кабыл алышы мүмкүн. Ошол эле учурда Кыргызстан Украинадагы жаңжалдын күчөшүнө каршы, биз тынчтык сүйлөшүүлөрү процессин жактайбыз, биз согуштун токтошун, өлүмдүн болбошун колдойбуз. Ошентип, Кыргызстан БУУда добуш берүүдөн баш тартып, бул конфликтке карата бейтарап позицияны карманды, бул дүйнөлүк коомчулуктун кызыкчылыгына жооп бербейт. Негизинен ар кандай согуш абсолюттук жамандык», — деди саясат таануучу.

Буга байланыштуу Марс Сариев Ооганстандан дагы келе жаткан коркунучту унутпай турууга чакырды.

«Апрель-май айларында ИШИМ, «Аль-Каида» террордук уюмдарынын согушкерлеринин Бадахшандан кирип келиши жана Тажикстандагы туруксуздуктун ыктымалдуулугу өтө жогору. Ошого жараша алар Фергана өрөөнүнө Казакстан жана Орусия багытында кирип кетиши ыктымал. Мен мындай планы бар дүйнөлүк сценарийчилер бар деп ойлойм. Мындай шартта, албетте, ЖККУнун мүчөлөрү тең салмактуу позицияны карманышты, анткени ЕАЭБдин түштүк чек араларында коркунуч бар, эгер биз БУУнун резолюциясына добуш берсек, ЖККУ кулап, жазында биз  союздаштарыбыздын күчтөрүнөн кол жуумакпыз.

Ошентип, прагматизм бизди жана ЖККУ боюнча башка өнөктөштөрдү нейтралдуу позицияны карманууга мажбурлайт», — деп түшүндүрдү эксперт.

Марс Сариевдин айтымында, аскердик жактан күчтүү мамлекеттердин бири болгон Түркия да Орусияга каршы принципиалдуу позицияны карманбастан НАТОго чебердик менен кирүүгө аракет кылууда.

«Биз Азербайжандын позициясын да көрүп турабыз. Чындыгында Кыргызстан түштүктөн келип жаткан коркунучта бизге аскердик кол чатыр болуп берчү Орусиянын таасир зонасында турат. Биз, кээ бир башка өлкөлөр сыяктуу эле, улуттук кызыкчылыктарга зыян келтирбеш үчүн глобалдык оюнчулардын ортосунда маневр жасоого, бейтарап позицияны карманууга аргасызбыз», — деп жыйынтыктады сөзүн эксперт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button