Саясат

КР Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби бекитилди. Президент жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын  Бюджеттик  кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.

Коронавирус инфекциясынын пандемия кырдаалы Кыргыз Республикасынын экономикалык активдүүлүгүнө чоң таасирин тийгизди. Ушундан улам, бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүлөр олуттуу төмөндөдү. Кризис мезгилинде экономиканы колдоо боюнча иш-чараларды андан ары каржылоо, бюджеттик туруктуулукту камсыздоо, артыкчылыктуу чыгым милдеттерин өз убагында каржылоо үчүн финансы ресурстарын мобилизациялоо зарылдыгы келип чыкты.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине Турукташтыруу фонду боюнча ченемдер киргизилген. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 431-беренесине ылайык Турукташтыруу фонду республиканын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн, сактык жана турукташтыруу функцияларын ишке ашыруучу бюджеттен тышкаркы фонд болуп саналат.

Жарлыктын долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин (мындан ары –Тартип) бекитүүгө багытталган.

Сунушталган Тартипке ылайык, Турукташтыруу фондунун акча каражаттары төмөнкүлөргө чыгымдалат:

 

1) кечиктирилгис чечимди талап кылган мамлекеттик экономикалык программаларды ишке ашыруу;

2) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо, модернизациялоо;

3) экономика тармактарын өнүктүрүү;

4) экономиканын кескин начарлаган жана бюджеттин кирешелери кыскарган учурларда республикалык бюджеттин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоо максаттарына багытталат.

Турукташтыруу фондун түзүү булактары:

1) стратегиялык объекттерди менчиктештирүү;

2) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына участокторун ишке ашыруу;

3) Турукташтыруу фондун башкаруудан инвестициялык кирешелер;

4) башка киреше булактары сунушталат.Жогоруда белгиленген булактар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган Бирдиктүү казыналык эсепте топтолот.

Башкаруу органдары — Турукташтыруу фондунун Байкоочу кеңеши (Мындан ары — Байкоочу кеңеш), ошондой эле башкаруунун аткаруу органы болуп саналат.

Байкоочу кеңеш — Турукташтыруу фондунун каражаттарын пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоочу жана өзүнүн ишин коомдук башталыштарда ишке ашыруучу башкаруунун жогорку органы. Байкоочу кеңештин жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Байкоочу кеңештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти, төраганын орун басары — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.

Башкаруунун аткаруу органы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болуп саналат, ал Турукташтыруу фондуна акча каражаттарын которууну, Турукташтыруу фондунун эсебин башкарууну, ошондой эле Тартип менен белгиленген иш-чараларды каржылоону камсыздоочу Турукташтыруу фондунун администратору болот.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button