Коом

Экономика жана коммерция министрлиги бизнес менен бирге кризиске каршы чараларды иштеп чыгууда

Бүгүн, 12-мартта, КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев бизнес коммчулуктун өкүлдөрү менен учурдагы экономикалык жагдайды жана кризиске каршы чараларды талкуулады.

Министр Данияр Амангельдиевдин айтуусу боюнча, министрлик өлкөдөгү экономикалык жагдайды турукташтыруу максатында мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүүнү көздөөдө.

“Министрлер кабинети экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана ишкерликтин субъектилерин колдоо ирээтинде төрт кыска мөөнөөттүү пакеттеги өкмөттүн Программасын ишке ашырды. Украинадагы окуяларга байланыштуу болгон терс кесепеттерди минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Кризиске каршы планды иштеп чыгып жатат.

Учурдагы жагдай мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да тобокелдиктерди туудурууда. Ошондуктан биргелешип кризиске жол бербөө үчүн практикалык чараларды иштеп чыгабыз, анткени бизнес жер-жерлердеги жагдайды жакшы билет”, — деди ал.

Жолугушууда доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу бизнести жана банк тутумун колдоо мүмкүнчүлүктөрү, сом депозиттеринин чыгып кетүүсүн алдын алуу маселелери да талкууланды. Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү Россия менен болгон сырткы товар алмашуунун чектелиши, авиакаттамдардын токтолушу боюнча тынчызданууларын айтып чыгышты. Альтернативалык маршруттарды иштеп чыгуу керектиги жөнүндө, негизинен трансопорттук логистикалар боюнча маселелер козголду. Бизнесмендер Евразиялык экономикалык союздун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну сунушташты.

Талкуунун маанилүү моменти болуп Россиядан жана Украинадан келүүчү турмушка керектүү болгон товарлардын, алгач даары-дармек жана азык-түлүк товарларынын келишинин дефицитине байланыштуу алардын ордун башкалар менен толтуруу маселеси болуп калды.

Талкуунун жыйынтыгында министрлик менен бизнестин биргелешкен кризиске каршы аракеттеринин программасы түзүлмөкчү болду.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button