Коом

Шашылыш билдирүү: 18-21-март күндөрү кар жаап, суук түшөт

18-марттан 21-мартка чейин республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетип, күндүзү 2…7° жылуу;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык кылуу аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет.

Тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button