Саясат

Нурсултан Назарбаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Нооруз — биздин байыркы баалуулуктарыбыздын бири. Бул майрам элибизди берекеге толтуруп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бир туугандыкты жана достукту чыңдасын.
Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн, жалпы руханий мураска, өз ара колдоо көрсөтүүгө негизделген гармониялуу мамилелерди жогору баалап, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн динамикалык өнүгүүсү элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдала берерине ишенем», — деп белгиленет Казакстандын Биринчи Президентинин куттуктоосунда.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана биримдик каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button