Блогер блок

Тагдыр: Кызды эч кимге бербей карай берсе балким үй-бүлө бузулбайт беле…

Жараткан эгем  пендесине көтөрө алгыдай сыноо берет өңдүү. Бирок, аны адам баласы ар кандай кабылдап, бирөө чыдамкайлык менен жеңет, а бирөө кол шилтеп басып кетсе, айрымдар  сыноонун орто ченине келгенде сынып кетишет көрүнөт. Ошол сыноолордун эң эле татаалы бул балага берилген ооруу болсо керек. Мына кошуна келин төрөлгөндө шал ооруусуна чалдыккан баласын кайра таза абага алып чыкты.

Ушул келинди көргөн сайын кубанам, жүзү да жаркылдап жарык, күлүп турат. Жолдошу экөөсү баласынын үстүн таза кармап, бассейнге, массажга, тоого, көлгө алып барып, жуунтуп-тарантып, аябай карайт. Баласы бул жылы 10 жашка толду. Бала керектүү нерсени көзү менен гана жаңсап түшүндүргөнү болбосо, башка эч кандай кыймыл аракет жок. Ушул эне баланын бири-бирине болгон сүйүүсүн карап туруп, бөлөмдүн окуясын эстей берем.

Мындан бир топ жыл илгери менин бөлөмдө да ушундай кызы боло турган.  Алгач кызы жаш кезинде аябай эле каратышты. Кыз чоңойгон сайын караган кыйын болуп, жездем экөөлөп көтөрүп карап жүрүштү. Кийинчерээк жездем ичип баштады. Бөлөм кечке үйдө оорукчан кызы менен отурду. Кыздан башка дагы эки эркеги бар. Эркек балдар аны-муну алып берип жардамшканы менен, кызды жуунтуп, кийимин которуп, тамагын бергенде бөлөм өзү карайт эле.  Кыз 18 жашка толгондо «сен кара, мен кара» деген сөздөр чыгып үйдө уруш көбүрөөк боло баштады. Акырында акылдуулар аларга кызды интернатка өткөрүп, бөлөмө «жумушка чык, иште, өзүңдү өстүр» деген кеңештерин беришиптир. Муну уккан кыз байкуш баспаса да баарын байкап туйган өңдүү. Баардык документтер даяр болуп, майыптарды караган интернат үйнө мына эртең алып барабыз деп жатканда уктап жаткан бойдон ойгонбой оо дүйнөгө кете бериптир. Кыз каза болгондон кийин эмне себеп болду билбейм, ал үйдөн ынтымак кете баштады. Бөлөм менен жездем эки башка жолго түштү. Ортодо эки бала калды. Кечээ жакында жездем ооруп калып, дарыгерлерге барса,  башында шишиги бар операция кылабыз дешиптир.

Ушул болуп өткөн окуяны эстеп, балким ошол кызды эч кимге бербей эле карай берсе балким үй-бүлө бузулбайт беле, кыздын убалы кыйнады го деп калам.

Жазгул Баяналиева.

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button