Коом

Арзыгүл Галымбетованы суицидге түрткөн жарандык активисттер жазасын алууга тийиш

AKИpressтин кабарчысы Арзыгүл Галымбетова 38 жашында дүйнөдөн кайтты. Жапжаш, журналистикада дагы да кыла турган көп иштери бар бул кызга суицидге барууга эмне себеп болду?

Мындан бир нече күн мурда социалдык тармактар аркылуу өздөрүн жарандык активист деп атаган Роза Маманова жана Батма дегендердин Арзыгүлдү каралаган посттору чыгып жаткан. Ал тууралуу ушул аталган кишилердин аккаунтунан маалымат алууга болот.

Анда жеке адамдын аброюна шек келтирүү бар. Алтургай көзү ачык аял, фейк аккаунт ачып каралап бер деп сунуш кылган кишисинин фактыларын көрүүгө болот.

Бул жерде жарандык активист менен кабарчынын ортосундагы көралбастык гана эмес, ортодо адам өмүрүнүн кыйылышы жатат.

Роза Маманова кандай жарандык активист экендиги белгилүү, эч кандай факт, аргумент жок эле бирөөнү каралай берчү.

Роза Маманова менен Батма деген жарандар мыйзам чегинде жазаларын алууга тийиш. Анткени элге көрүнүктүү медиа кызматкердин бетине көө жаап, суицидге алып барышты.

Бул өз кезегинде мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылуу менен коштолуусу керек.

Мындай каралоолор, жекеликке асылуу аркылуу суицидге алып баруу өтө жаман тенденция. Урматтуу президент, урматтуу бийлик өкүлдөрү, бул нерсе ушул калбашы керек.

Жоопко тартууңузду суранабыз мындай кишилерди!

Булак: Аргумент кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button