Мындай пикирин журналист, коомдук активист Назира Бегим социалдык тармактагы баракчасына жазып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин президент Садыр Жапаровго жооп иретинде жазган катына комментарий берип жатып билдирген.

Анын айтымында, Атамбаев өзүн бир топ
токтоо, акыл калчап сүйлөгөн адамдай таасир калтырып жазган.

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин президент Садыр Жапаровго жазган катын бир дем менен окуп чыктым. Алмазбек Атамбаев өзүн бир топ
токтоо, акыл калчап сүйлөгөн адамдай таасир калтырып жазыптыр. Эгер кат жазгандагыдай токтоо, акылдуу, кеңеш берген деңгээлге жетсе, анда
Атамбаевге ыраазычылык билдирет элем. Бирок, мен Атамбаевдин каттагыдай өзүн сүрөттөгөндөй адам экенине шегим бар. Мен билген Атамбаев эч
качан токтоо болгон эмес, оюна келгенди балп эткизип эле айтып салып, анын азабын тартып жүрбөдүк беле. Атамбаевдин ойлонбой сүйлөгөнүнүн айынан
кошуналар менен мамилелер солгундады эле го. Же унутуп калдыңарбы. Садыр Жапаров президент болгону Атамбаевдин убагында солгундаган
мамилелер эпке кел баштады го. Же жалганбы? Атамбаев Садыр Жапаровго акыл үйрөтпөй эле кетирген күнөөлөрүмдү Жараткан кечирсин. Элдин
каргышы урук тукумума тийбесин десин», -деген ал.