Журналист Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына пикир калтырып, мурунку жана азыркы президенттердин «акыйнек» айтышуусуна кенен токтолуп түшүндүрмө жазды.
Анын айтымында, учурдагы президент Садыр Жапаров,  мурдагы президент Атамбаев менен айтышпай эле койгону оң деген.
«Атамбаев жана анын үй-бүлөөсү коомду зээриктирбей бир нерселерди божурап турат. Бу сапар өзү абактан кат жазып, президент Садыр Жапаровдун абийирин ачам деп, өзүнүн абийирин төгүп алыптыр. Жазган катын дыкат окуп чыгып, ар бирине токтолуп, өз аргументтерим менен пикир билдиргим келди. Эмнеге көнүл буруп жатам? 4 жыл Атамбаевдин кекчилдигин, майдачылдыгын жана өкүмзордугун, куугунтугун көргөн адам катары жооп жазгым келди.
Атамбаев:
“Президент Садыр Жапаров жакында мен жөнундө мындай деп жазыптыр: «Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыӊбы? Сотко бар… Мен… соттон качкан эмесмин» деп.
Эми жооп бербесем болбой калды окшойт, Садыр иним. Иним дегенге таарынба, кыргыздар кичүүгө ушинтип кайрылат. Буга чейин да мен жөнүндө бир топ ушак сөздөрдү сүйлөдүң эле. «Атамбаев самолет менен тонналап алтын алып кеткен. Атамбаев кыйнап, абактан кекиртегимди кестим. Атамбаев тынч митингке октябрда кол салды. Атамбаев өзүн өзү тапанчадан жан сакчысына аттырды» жана ушу сыяктуу далай сөз айттың. Баарына чыдап отургам, жооп бербей он жылдан бери. Али жаш, ачууга алдырып жатат, адашып жатат деп. Эми бирок президент болдуң, уят болот мындан ары да калп айта берсең!”
Жооп:
Садыр Жапаровдун айткан сөздөрүнүн ар биринин далили бар. Айрымдарга окшоп ойду-тоону айтып, элдин башын миң түрлөнтүп айлантпайт. Бет тырмагандыктын да чеги болот. Ал эми тонналап алтын ташыганыңар, 2020-жылдын октябрында бийликти басып алганга даярдыгыңар, Садыр Жапаровго карата жасаган кордугуңарды өзүӊөр эле унутуп калбасаӊар, эл эсинен чыгарган жок.
Атамбаев:
Эсимде бар, 2018-жылы мага Форумга сенин абаң Сабыр келип, сенин ишин жөнүндө бир топ сүйлөшкөнбүз. Караколдогу окуянын майда чүйдөсүн, сени ошондо кайсы досуң алдыга түртүп коюп, анан сатып кеткенин айтып берген. Анда иниңди колдоп берейин, абактан чыгаралык деп макул болгом. Ошондо Сабыр — уруксат бериңиз, Сизди биз митингдерде шыбайлык, Сокеге жагат экен, эптеп инимди абактан чыгаралык деп суранган. Сенин башка колдоочуларың да келип жатты Форумга.
Жооп:
«Сокени мен бийликке алып келдим”,-дегениңиз менен, бийликти бергиӊиз келбей, ичиңизден таруу айланбай, ичиңиз күйүп, 2018-жылы эле бийликти тартып алуу операциясын баштагансыз. Досуңузга 2018-жылы эле ор каза баштап, өз колуңуз менен абакка тыккан адам менен жакындашууга далбас уруп, бузукулук ишин баштаган экенсиз да көрсө.
Атамбаев:
Соке октябрдагы митингден кийин бийликке кайра келип, кетпейм деп тырышканда да мен элге, тарапташтарыма кайрылгам, кат жөнөткөм, Садырды колдойлук, эптеп Сокени кетирелик деп. Садыр көп кыйынчылык көрдү, баарын түшүндү деп айткам. Акыркы бир жарым жылдан бери да бийликке жаңы эле келди, баарын түшүнөт, Кудай туура жолго салат деген үмүтүм бар болчу. Бирок, ал үмүт күндөн күңгө өчүп баратат.
Жооп:
2 жылдан бери октябрь окуяларындагы ызы-чууга ким күнөөлүү экенин таппай келе жаттык эле. Жээнбековду ким кетирип, элди чогултуп, Ак үйгө ким кол салган деген суроого Атамбаев өзүңүз жооп берип коюпсуз. Демек, октябрдагы тополоңдун автору дал өзүңүз турбайсызбы. Билинбеген менен, өтө маанилүү тарыхый билдирүү жасаптырсыз, урматтуу Алмаз Шаршенович.
Атамбаев:
Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин. Ошондо атайын самолет келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума рахмат айтып, «мен качып кетсем болбойт, уят болот» деп, кордук көрүп, камалаарымды билсем да кайра учуп келгем Кыргызстанга. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулганду окуя боюнча иш козголгондо, соттон коркуп, тарапташтарыңды таштап качып кеткенсин чет элге. Анан мен бийликтен кетээрде 2017-жылы кайра келип, соттолуп кеттиң. Соттун өкүмүн аягында Жогорку Сот бекиткен. Бирок, мен ага чейин эле кызматты жаңы президентке өткөрүп кеткем.
Сеники да туурадыр, мүмкүн сага коюлган киненин баары жалгандыр. Мен өзүм да көрдүм прокурор, соттордун адилетсиздигин, бети жоктугун! Анда ошо кездеги сени соттогон прокурор, тергөөчү, сотторду бийлик өз колуңда турганда териштир да! Сени 11 жылга абакка кескен райсот Каипов мага да дал ошондой өкүм чыгарбадыбы! Күлкүң да келет, ойлосоң! Ошондон баштабайсыңбы туура эмес кесилген болсоң?
Жооп:
Бул жерден да өтө мыкты өздөштүргөн башкы өнөрүңүздү укмуштуудай колдонуп атасыз. Бет тырмагандык боюнча астыңызга киши салдырбайсыз. Өлүмүш болуп, жоопкерчиликтен качып, “сага коюлган кине жалгандыр” деп, жоопкерчиликти ошол кездеги дал сиздин көрсөтмөңүздү гана аткарган сот, прокурорлорго оодарып жатасыз. Лидер да ушундай болобу? Экинчиден, ушул системаны түзүп кетип, ана башында турган дал ушул сиз өзүңүз да. Сиз каршылаштарды гана камабастан, УӨ боюнча соратниктериңизди да куугунтуктап, каматкан эмес белеңиз? Эми болсо күлкүңүз келип отурат. Соо адам да ушундай ой жүгүртөбү?
Атамбаев:
Мен соттон качкан жокмун. Мен ден соолугума байланыштуу отурумду мен жокто эле өткөргүлө деп ар бир жолу арыз жазып берип жатам сотко. Анын үстүнө прецедент бар. Батукаевдин иши шаардык сотто жана Жогорку сотто мен жокто эле каралып, чечим чыгарылган. Соке кезинде да сенин кезинде да, Садыр иним. Башка сотторду деле ошентип эле өткөрө бергиле да? Мен сурак же сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт, анткени бир да суроого жооп буга чейин берелекмин жана да бербейм. Протоколдорду кара, ишенбесең. Ансыз деле сен мени 11 жылга абакка кестирдиң. Менин жашымда бул деген ПЛС — пожизненное лишение свободы — дегенге барабар. Бирок, баары бир мени дагы эле кордогуң келет окшойт, абакта да тынч койбой!..
Жооп:
Соттон качып жатканыңыздын далили ушул – мыйзамды уруп ойнобойм деген көз караш менен дагы деле мыйзамга баш ийбей жатасыз. Же эмне, сиз особый белеңиз? Сиз деле башка адамдардай эки колу, эки буту, бир башы бар адамсыз. Кудайдын мурдунан түшкөн жоксуз. Өзүңүз айтмакчы, Соке досуңузду уруп да ойнобой, суракка барбай, Кой-Таш окуяларындагы ызы-чууну атайын чыгаргансыз. Текеберликтин да чеги болот. Эгерде Соке досуңуздун башынан ылдый жугунду куюп, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей келген болсоңуз, эми абал да, бийлик да башка. Отурумдарга келип, мыйзамдуу түрдө суроолорго жооп бериңиз.
Атамбаев:
Садыр иним! Кыргызда — уялбагандан өзүң уял деген сөз бар. Сен уялбасаң мен уялып жатам акыркы сенин жооруктарыңа. Мени карда жыңайлак сүйрөп жүргөн офицерлер, аны карап турган бир топ плацтагы адамдар уялып, жер карашып жүрөт азырга чейин. Буйрук түздөн түз Садырдан келген деп шыбырашат мага…
Жооп:
Сиз манипулятор экендигиңизди дагы бир жолу далилдедиңиз. Бул жерден да абакта кызмат кылып жүргөн балдарды подстава кылып атасыз, “мага шыбырашты”… деп. Жеткен пастык! Бейкүнөө кызматкерлерди ыӊгайсыз абалга калтырып койдуӊуз. Эми, “кимиси шыбырады?”-деген күдүк ойлорго түртүп койдуӊуз.
Атамбаев:
Баарыңар билип алгыла! Мени кандай кордосоңор да баары бир сындыра албайсыңар! Мен башкаларга окшоп арыз жазбайм ырайым сурап. Ырайымды күнөөсүн мойнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары тең чындыкка дал келбейт. Высосаны из пальца, орусча айтканда. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жеримде, Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коет акыркы сапарга…
Жооп:
Сиз кордук деген эмне экенин дагы деле билбейт экенсиз, сезе да элексиз. Садыр Жапаров көргөн кордуктун бирин да көрө элексиз. Сиздин буйрук менен Садырды сындырабыз деген аракеттердин бирин да көргөн жоксуз. Албетте, жакындарыңыздын өмүрү узун болсун, бирок Садыр Жапаровдой болуп жакындарыңыздан айрылбадыңыз. Уулдарыңыз аман-эсен, бири Жогорку, экинчиси шаардык кеңеште бийликтин өкүлү болуп отурат. Дагы бир оозуна келгенин оттоп, каалашынча чалчактап жүрүшөт. Жубайыңыз төрт охрана менен кече жакында киного барыптыр. Бара берсин, бирок маршруктага түшүп, бечара болуп жүргөн аялда охрананы кармаш үчүн кайдагы акча? Кызыңыз сизден өткөн “чыгармачыл” экен, демократиянын мүмкүнчүлүгүн чегинен ашыра колдонуп, мамлекеттеги номур биринчи адамга ыплас карикатура тартып отурат. Ушулбу сиз көргөн кордук? Жок, тескерисинче, дагы деле кордукту Садыр Жапаров көрүп атат, сизден жана жакындарыңыздан.
Атамбаев:
Садыр иним! Эртели кечпи бир күнү баарыбыз элдин, тарыхтын, Кудайдын сотунда жооп беребиз! Ошондон коркуш керек.
Сен абактан демократия деп кыйкырып, бийликке келгенде эле дароо кокон хандыгын куруп баштадың. Туркменияда убагында туркменбашы болсо бизге эми кыргызбашы болгуң бар. Бирок, биздин эл башка. Элибиз бардык кыйынчылыкка чыдайт, бирок адилетсиздикке, зулумдукка чыдабайт. Ошону унутпа, Садыр иним! Сокеге окшоп мага асылбай, күчүңдү мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумша. Чек ара, жакырчылык, жана башка проблемалар толтура. Элди алдайм дегендер өздөрү алданат! Мөөнөтүң көралбастык, өч алуу, майда чүйдө иштер менен билинбей өтүп кетпесин. Алдыңда далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болуш керек. Бул жалган дүйнөгө алданба.
Жооп:
Сиз өмүрүңүздүн аягына чейин эки нерсени унута албайт окшойсуз – досуңуз Сокени жана өзүңүздүн кокондук экениңизди. Дал өзүңүз Кокон хандыгын курам деген аракетиңиз таш каап, досуңузга, Жапаровго ошону таңуулап жатканыңыз таң калычтуу. Сизге асылган деле киши жок, өзүңүз унутулуп калбайын деп эстетип турасыз атайын. Туура айтасыз, сизден башка мамлекетте проблема деген көп. Өзүңүздөн башканын баарын кем акыл, колунан бок келбеген деп жүрүп, өзүңүздү шер ойлоп, баарын алдап жүрүп, ушул күнгө туш болдуңуз.
Сиз Жапаровдон талап кылган айкөлдүктү, аттиң, сизден убагында көрө албай койдук эле. Мамлекетибиздин тарыхын позитивдүү нукка буруу ушул сиздин колуңузда эле. Бирок, кекчилдик, майдачылдык, ичи тарлыктын айынан өзүңүз менен кошо өлкөнү аңга түрттүңүз. Акаевди да, Бакиевди да, Жээнбековду да бийликтен бузукулук менен кетирген Сизсиз. Эми Жапаровго асылып калдыңыз. Мамлекетибиздин президентинен колуңузду тартыңыз! Кайра кайра сиз сыяктуу бузукулардын айынан ит жыгылыш болуп, алдыга эмес, артка кете берүү – бул жеткен акылсыздык. Андай акылсыздыкты келечек муундар кечирбейт! Күнөөңүздү моюнга алып, “жаңылыпмын” деген сөз оозуңуздан чыгабы? Эч качан чыкпайт. Анткени бул сиздин текеберлигиңиз. Мындан ары сизге жана сизди жазбай тарткан балдар-кыздарыңыздарга көңүл деле буруунун кажети жок. Президент Садыр Жапаров — манипулятор Атамбаев менен мындан ары акыйнек айтышпай эле койгону оӊ. Ал улам билдирүүлөрү менен диалог түзүүгө тартып, интригаларга тарта берет», — деген ал.