Коом

Акылбек Жапаров: Мал базарларга асфальт төшөөгө бир ай убакыт берем

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аппараттык кеңешмеде республиканын борборундагы жана аймактарындагы мал базарлардын абалын сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
“Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем”, — деди Жапаров.
Ошондой эле ал ар бир мамлекеттик орган жарандар тарабынан социалдык тармактарда жарыяланып жаткан бардык кайрылууларга реакция кылуусу зарыл экенин кошумчалады.
“Санариптештирүү заманында социалдык тармактар натыйжалуу байланыш куралы болуп калды. Бардык мамлекеттик органдар социалдык тармактарда аккаунттарга ээ болуп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарышы керек. Бул – аудитория менен баарлашуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуу каналы, аны биз активдүү пайдалануубуз керек”, — деди Жапаров.
Мындан тышкары, ал социалдык тармактарды жарандардын терс кайрылууларына жооп берүү үчүн гана эмес, мамлекеттик органдардын аткарып жаткан иштери боюнча коомчулукка отчет берүү үчүн да колдонсо болорун кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button