Коом

Дастан Бекешев “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам боюнча Конституциялык сотко кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын Баш мыйзамга каршы келет деп табуу үчүн Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу депутат Twitter баракчасына жазды.

Документ кабыл алынганына жарым жыл болсо да, аны ишке ашыруу жол-жобосу дагы деле так эмес.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мыйзамды аткаруу жолдорун иштеп чыккан. Ага ылайык, арыз-даттанууларды Санариптик өнүктүрүү министрлиги алат жана жалган маалымат тараткан деген сайтты убактылуу жабуу менен алектенет.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келди деген адам биринчи сайттын ээсине же анын баракчасына чыккан маалыматты өчүрүү талабы менен кайрылат. Эгерде бул талап 24 сааттын ичинде аткарылбаса, ал сайтты убактылуу жабуу тууралуу өтүнүч берет жана анын негизинде соттун чечими жок эле сайт эки айга жабылат. Порталдын ээси жаңы сайт да, социалдык тармакта анын башка баракчасын да ача албайт.

Сайт жалган делген маалыматты өчүрүп, ишин чектелген мөөнөт бүткөндөн кийин улантса болот. Сот чечими менен ишин мөөнөтүнөн мурда жандантууга да укуктуу. Сайттын же баракчанын ээси кемчилигин мойнуна алып, жалган деп табылган маалыматты өчүрсө, мамлекеттик органдын макулдугу менен интернет-провайдерлер сайтка коюлган чектөөнү алып коёт.

Эл аралык абройлуу Human Rights Watch укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровду сөз болуп жаткан мыйзамга вето коюуга да үндөгөн.

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева автор болгон мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр 23-августта кол коюп, ал ошол эле күнү күчүнө кирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button