Коом

Бакыт Төрөбаев: Азык-түлүк, жер семирткичтин баасын арзандатууга тапшырма бердик

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаев азык-түлүк жана жер семирткичтин баасы арзандай турганын билдирди.

Бүгүн парламентте анын талапкерлиги каралды. Төрөбаев доллардын курсу түшүп жатканынан улам кечээ бир топ тапшырмаларды бергенин айтты.

«Кумшекердин жеңилдетилген баасын 68ден 60 сомго, дүң баасын 78ден 75 сомго түшүрдүк. Өсүмдүк майын дагы көзөмөлгө алдык. Импортчулар рубль, доллар менен иштейт экен. Аларга бааны түшүртүш керектигин айттык. Азыр түштүк тарапта чоң завод ишке киргизилди, ал жерде 5 литр май 700 сомдон ашпасын дедик. Бир айдын ичинде Кант шаарындагы май завод иштеп баштайт. Ун боюнча дагы көзөмөлдөп жатабыз», — деди Төрөбаев.

Ошондой эле ал Материалдык резерв фондуна дагы кошумча каражат бөлүнүп, 12 миң тоннага жакын кумшекер, 5 миң тонна өсүмдүк майы алынарын белгиледи.

Мындан сырткары, жер семирткич менен иштеп жаткан бизнесмендер менен сүйлөшүп, баасын 42ден 38-39 сомго түшүрүү тапшырмасын бергенин айтты.

Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев 28-февраль күнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бүгүн анын талапкерлиги парламент тарабынан да колдоо тапты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button