Саясат

Бишкекте президенттин катышуусунда соцблок боюнча республикалык жыйын өтөт

Бишкекте 4-апрелде президент Садыр Жапаровдун катышуусунда социалдык блок боюнча республикалык жыйын өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан аялдар конгрессинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, жыйындын алкагында өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, келерки жылга пландарды белгилөө пландалууда.

“Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан социалдык тармактын өкүлдөрү катышып, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери келет. Мындан сырткары, өлкө башчы Садыр Жапаров да катышат”, — деди ал.

Булак: Кабар кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button