Кылмыш-кырсык

Баткенде оң рулдуу унаалардын катышуусунда 3 ай ичинде 4 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон

Оң рулдуу унаалардын баасы арзан болуп, жарандарыбызга акча каражаты жактан ыңгайлуу болгону менен, анын айрым терс жактарын дагы эске алганыбыз туура. Себеби, Кыргызстандын, анын ичинде Баткен облусунун  жолдору оң тараптуу кыймылга ыңгайлаштырылып салынгандыктан, рулу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын башкарууда өзгөчөлүктөр бар. Бул оң рулдуу унаалардын айдоочуларына айрым учурда ыңгайсыздык жаратып жатканы талашсыз.

Жогорудагыларды эске алуу менен,  Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыган оң рулдуу унаалардын айдоочулары менен тез-тезден жолугуп, жол кыймылынын кырсыктарына учурабоо, анын каргашалуу кесепеттерин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө. Бирок, тилекке каршы Баткен облусунун аймагында 2021-жылдын 12 айында оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын катышуусу менен 33 жол кыймылынын кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 86 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алган.

Ал эми, 2022-жылдын 3 ай аралыгында оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын  катышуусу менен 4 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 жаран каза болуп, 1 жаран денесинен жаракат алып ооруканага кайрылган.

 

Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнун басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button