Коом

Лейлек районунунда «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы» атындагы орто мектеби ачылды

Бүгүн, 4-апрель күнү Лейлек районунун Чурбек айылындагы «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы» атындагы орто мектептин  имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Президенттин Баткен обдлусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаев жана Лейлек райнунун администрация башчысы аким А. Рахманкулов катышты.  Аталган мектеп 225  орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган.

«Облус башчысы алгач мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы билим уясы көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады. Аталган мектеп жалпысынан 225  орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган.

«Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы» атындагы орто мектептин курулушу  2021-жылдын 18-майында башталып, “Сапат Нур” ЖЧК тарабынан курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Жаны мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилди. Мындан сырткары кошумча спорт имараты да курулган.

Жалпы долбоордук суммасы 75 млн сомду түзөт. Маалымат катары айта турган болсок аталган билим уясы буга чейин М.Юлдашев атында болсо, эми Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы болуп өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында өлкө башчысынын атайын жарлыгы чыккан.

Ага ылайык, Лейлек, Баткен райондорунун аймактарында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн жаңжалда жабыр тарткан 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджет эсебинен 250,0 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button