Коом

Алмазбек Атамбаев “Кыргызгаз” эмне үчүн сатылганын айтты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Ал Калыс-Ордо конушундагы мектеп курууда түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Отурумдун алдында мурдагы мамлекет башчы “Кыргызгаз” эмне үчүн сатылганын айтып берди.

«Менин «Кыргызгазды» эмнеге бергеним боюнча маселени көтөрүп жатышат. Мен “Кыргызгазды” бергенимде 400 миллион доллар инвестиция келген. Экинчиден, Газпром келгенче Өзбекстандан газ алып келгенбиз. Муну эстен чыгарбагыла, Каримов газды өчүрөм деп бизди далай жолу коркутту. Ушундан улам ал бизден канча жерди тартып алды?» — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button