Коом

18-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 18-апрелде, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 26…31 градус, Таласта 24…29, Ысык-Көл облусунда 9…24, Нарында 20…25 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы күндүз 28…33 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүз 27…29 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button