Коом

«Кумтөрдүн» Ысык-Көлгө берген 4,9 млрд. сому максатсыз жумшалганы белгилүү болду

2020-жылкы республикалык бюджетти колдонууда 43 миллиард сом башка тармактарга жана максатсыз пайдаланылган. Бул туурасында Эсеп палатасынын аудитору Алымжан Байгазаков билдирди.

Бүгүн парламентте 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу министрлер кабинетинин отчёту каралды. Бирок депутаттар мыйзам бузууларга макул болбой, отчётту экинчи окуудан артка кайтарды.

Байгазаковдун айтымында, 19,7 миллиард сомдун пайдаланылышы бекитилген бюджет менен дал келбей калган. Мындан улам Эсеп палатасы тийиштүү беренелердин аткарылышын канааттандырарлык эмес деп таап, корутунду берүүдөн баш тарткан.

Аны менен катар өкмөттүн отчётунда кредиттик карызды төлөөгө деп 17 миллиард сом ашыкча жазылып калган. Иш жүзүндө ал каражат карыз төлөөгө эмес, башка максатта колдонулган.

Ал эми «Кумтөр голд компаниясынан» региондорду өнүктүрүү фондуна түшкөн 522 миллион сомду казынага кириштебей, түздөн-түз иштетип жиберишкен. Ошондой эле Жаратылышты коргоо фондуна которгон 64 миллион доллардын 60,1 миллион доллары бюджетти колдоо максатында пайдаланылып калган. Мунун баарын сом менен эсептегенде 4,9 миллиард сом чыгып жатат.

«Бүгүнкү күндө жогоруда белгиленген дал келбестик жана мүчүлүштүктөр жөнгө салынып, иретке келтирилди. Бир гана «Кумтөр голд компаниясынан» түшкөн 4,9 миллиард сом ордуна коюлбай турат. Бул боюнча чара көрүүнү сурап Коопсуздук кеңешине, Башкы прокуратурага материалдарды жибергенбиз», — деди Байгазаков.

Мындан сырткары, ал кыргыз өкмөтүнө 2020-жылы чет элден алган кредиттерди убагында өздөштүрбөгөнү үчүн 95 миллион, 2015-жылдан беркиси чогулуп 635 миллион сом айып салынганын кошумчалады.

Андан соң депутат Балбак Түлөбаев өкмөттөн Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого, инфраструктурасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 4,9 миллиард сомду тез арда ордуна коюшун талап кылды. Эгер маселе чечилбесе 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчёт кабыл алынбай турганын айтты.

Булак: Спутник кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button