Саясат

Акылбек Жапаров дарыгерлерге көрүнүү үчүн Германияга кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга кетти. Бул тууралуу 3-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, ал күн сайын тийиштүү жыйындарга видеобайланыш аркылуу катыша турганын маалымдады.

Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы айтылган.

29-октябрда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button