Коом

Арзыбек Кожошев: Фашизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкон ата-бабаларыбыз менен сыймыктанабыз

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин мүчөлөрү 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барууну улантышууда.

КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 1943-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, согуштун ардагери Асек Урманбетовдон кабар алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 10 млн 807 миң сом бөлүү тууралуу буйрукка кол койгонун белгиледи. Ага ылайык согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон берилди.

«Биз фашизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкон ата-бабаларыбыз менен сыймыктанабыз, алар ар дайым биз үчүн үлгү болуп кала беришет. Чоң атам Улуу Ата Мекендик согушта Харьковдун жанында кызмат өтөгөн, бизге кесиптештеринин эрдиктерин айтып берип, биз үчүн тирүү легенда болгон. Сиз душман алдында элдин ынтымагын, бекемдигин өз үлгүңүз менен көрсөттүңүз. Улуу Жеңиш үчүн рахмат», — деди Арзыбек Кожошев.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов учурда 99 жашта. Ал Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы Кызыл Жылдыз ордени, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button