Саясат

Садыр Жапаров: «Кумтөрдүн» бир жылдык ишмердүүлүгү текшерилет

Президент Садыр Жапаров Facebook социалдык тармактагы баракчасына «Кумтөргө» Эсептөө палатасын жибергенин билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, кендин бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгү текшерилет.

«»Кумтөрдүн» бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим. «Кумтөр» алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет», — деген өлкө башчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button