Коом

Президенттин Мамлекеттик ипотекалык компаниясына өткөрүп берген үйү сатылды

 Президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсына белекке берген үйү сатылды. Бул тууралуу аталган акционердик коомдон билдиришти.

Маалым болгондой, эки кабаттуу үй 28 миллион 49 миң 500 сомго сатылып алынган. Компания сатып алуучу атын атагысы келбей турганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров 2021-жылдын 30-сентябрында турак-жайын МИКке өткөрүп берген. Мамлекет башчынын айтымында, анын үй-бүлөсү бул үйдү 2005-жылы сатып алган. Кийин 2010-жылдары башка жакка көчүп келгенден кийин үй бала бакча болуп иштеген. Садыр Жапаров белгилегендей, анын иш-аракетинин максаты жеке турак-жай рыногун жакшыртуу, ошону менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга “Менин үйүм – 2021-2026” жаңы мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында муктаж болгондорду турак-жай менен камсыздоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.

30-ноябрда мамлекеттик компания президенттин өткөрүп берген үйүн сатыкка койгон. МИК билдиргендей, аны сатуудан түшкөн каражат даяр турак жайды сатып алууга жумшалат. Алгачкы баасы 33 миллион 700 миң сомду түздү. Бирок үйдү эч ким сатып алган эмес.

20-январда ишкана эки кабаттуу үйдү кайра-кайра ачык аукционго коюп, баасын 28 миллион 46 миң 800 сомго түшүргөн.

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button