Коом
16-майга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 16-майда, күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо жаан карга айланат. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 22…27, Таласта 21…26, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүз 15…20 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 22…27 градус ысыйт.
Бишкек шаарында күн ачык болот, күндүз 25…27 градус жылуу болот.