Коом

Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанында Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон митинг өттү

Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанында мекеменин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиевди колдоо митинги өттү. Акцияга 50гө жакын адам чогулду.

Министрди колдогон митингдин уюштуруучусу Атай Бейшенбек мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарларынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу боюнча маселени кароо өтүнүчү менен кайрылды.

«Бул жерге Алымкадыр Бейшеналиевдин жана анын командасынын реформасын колдогон, ошондой эле анын орун басарларынын ишине нааразы болгондор чогулду.  Алымкадыр Бейшеналиевдин бардык аракеттерин идеалдуу деп айталбайм, кемчиликтери да бар. Эгерде анын мыйзам бузуулары болсо, анда ал юридикалык жактан жооп бериши керек. Бирок фармакологиялык мафия, медицинадагы мафия жана коррупциялык схемалар менен күрөшүп жатат. Кечээ Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөгө чыкканда министрдин орун басарлары ага каршы чыкканы ички саботаждан кабар берет. Биз алардан элдин алдына чыгып, эмне үчүн Алымкадыр Бейшеналиев республикадан чыгып кеткенде министрге каршы чыгып жатканын, бул саясий оюндардын артында кимдер турганын түшүндүрүп берүүнү суранабыз. Ошондой эле, Министрлер кабинетине жума күнгө чейин минстрдин орун басарларын иштен алууга  убакыт берип, митингге чогулгандар тарайбыз. Болбосо кайра чогулабыз», — деп жыйынтыктады Бейшенбек. Андан соң уюштуруучу чогулгандардын баарын тарап кетүүгө чакырды.

Эске салсак, кечээ, 16-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч орун басары маалымат жыйынын өткөрүп, анда Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну талап кылышкан. Бейшеналиев өзү учурда Германияда жүрөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button