Коом

Кыргызстанга Россиядан жана Кытайдан 140 даана өрт өчүрүүчү унаа келет

Кыргызстанга Россиядан жана Кытайдан өрт өчүрүүчү унаанын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, унаалардын келишинин бардык каржы булактары чечилген.

“Россиядан 60 даана, Кытайдан 80 даана өрт өчүрүүчү унаалардын келүүсүн күтүп жатабыз. Алдыда республиканын бардык облус, райондорун өрт өчүрүүчү унаалары менен камсыздайбыз”, — дейт ал.

Шамырканов буга чейин өлкөгө келген 58 унаа өрт көп катталган Бишкек, Чүй жана Ош облустарына бөлүштүрүлгөнүн белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button