Бишкектеги борбордук мечит бузулуп, ордуна жаңысы салынат
Бишкектеги борбордук мечит бузулуп, ордуна жаңысы салынат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан (КМДБ) билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Москва/Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечит бир айдын ичинде бузулат, мындай чечим бир-эки күн мурун кабыл алынган.
«Биз эски мечиттин ордуна сыйымдуулугу көп жаңысын салабыз. Эски мечит 5 миң адамга ылайыкталган, жаңысы 10 миң кишилик болот. Андан тышкары, шаардагы унаалардын көптүгүн эске алып, жер астындагы унаа токтотуучу жай да каралмакчы», — деп билдиришти муфтияттын басма сөз кызматынан.
КМДБдан учурда имараттын долбоору иштелип жатканын, бирок муфтият имараттын дубалдарына кыргыз колоритин, башкача айтканда, оймо-чиймелерди түшүрүүнү караштырып жаткандыгын кошумчалашты.
«Бузулгандан кийин жаңы мечиттин курулушуна дароо капсула салынат. Жаңы мечит бир гана демөөрчүлөрдүн каражатына салынмакчы», — дешти муфтияттан.