Коом

Бишкекте соодагерлер ККМге каршы акцияга чыгышты

 Бүгүн, 30-майда Бишкек шаарында майда дүкөндөрдү иштеткен соодагерлер жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү көзөмөл кассалык аппарат (ККМ) орнотууга каршы экенин билдирип, өкмөт үйүнүн алдына чыгышты. 

Алар колдоруна “ККМге каршыбыз”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын” деген жазууларды кармап турушат.

Маалым болгондой, салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров ушул жылдын 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Ал документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык жана бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Ошону менен катар  Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош” базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Буга чейин, январь айында кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы «Дордой», «Дордой Моторс», «Таатан» өңдүү жана башка ири базарлардагы соодагерлер да нааразылык акциясына чыгышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button