Коом

Чек арадагы атышуу. Жарадар болгон аскер кызматкерлери Бишкекке алынып келинди

Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган аскер кызматкерлери Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарадар болгон эки чек арачы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө борборго алынып келинген. Алар медициналык мекемелерге жиберилди жана мындан ары да бардык зарыл жардамдарды алышат.

«УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерине бардык жардам көрсөтүү маселеси Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара тилкесинде катталган окуя жана акыркы кырдаал боюнча маалымат берип, учурда абал туруктуу экендигин айткан.

«Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде абал туруктуу. Башка чек ара постторунда чек арачылар кызматын иш тартибинде өткөрүп жатышат. Тараптардын сүйлөшүүсү болду. Тартылган техникалар артка кайтарылды. Учурда кооптонууга негиз жок. Азыр башкы максат жоокерлердин өмүрүн сактап калуу», — деди Ташиев.

Эске салсак, кечээ, 3-июнда КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашканын билдирген. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кеткен.

КР Чек ара кызматы Тажикстан чек арага оор техника каражаттарын тартып жаткандыгын кабарлаган.

Болжол менен саат 14:15те ок атышуу токтоп, тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button